Коом

Аэропорт жетекчилиги талашка түштүбү? Коомчулуктун талкуусуна калган Каныбек Музуралиев

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты  Канатбек Музуралиев  тууралуу социалдык тармактарда катуу сындар айтылууда.

Ал учурунда «Республика Ата Журт» фракциясы менен мандат алып келген. Анын айланасындагылар  Канатбек Музуралиевди чоң интриган экенин айтып келишет. Депутат болуп келгенден бери анын  кɵрүнүктүү  иши деле көрүнө элек деп жазышууда фейсбуктагы «Кызыктар» баракчасына.  

Эскерте кетсек, Канатбек Музуралиев тууралуу мындан эки жыл мурун борбордогу кɵрүстɵндɵргɵ байланыштуу ызы-чууга катыштыгы бар деген маалымат тараган эле.

Эми азыркы тапта Музуралиев эл аралык маанидеги «Манас» аэропортуна жетекчи болмокчумун деп  чуркап атканы тууралуу кептер тарады.

Шаардык кеңешке депутат болгону көрүнүктүү иш аткарбаганын социалдык тармактарда жазылып,  анын бул орунга татыксыз экени  да айтылууда.

Коомчулук эл аралык маанидеги аэропортко мыкты менеджер керек экенин баса белгилеп, мындай өзүн көрсөткөн  татыксыз талапкерлерди катуу сынга алууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button