Окуялар

Майлуу-Сууда секелек кызды зордуктаган кылмышка шектүү кармалды

Майлуу-Сууда сегиз жашар кызды зордуктады деген шектенүү менен 29 жаштагы М.Н. кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, зордуктоо тууралуу билдирүү милицияга 7-октябрда түшкөн. Шаардык оорукананын фельдшеринин айтымында, кыздын жан жеринен кан агып токтобой жаткандыктан алып келишкен.

«Кызды тез жардам медиктери алып келди. Факты боюнча «Зордуктоо» беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары убагында 29 жаштагы М.Н. кармалып, ага шектенүү тууралуу күнөөлөө актысы берилип, иши сотко багытталды. Баш коргоо чарасынын алкагында жаран эки айга камакка алынды», — дешти ИИБдегилер.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button