Окуялар

12 млн. доллар зыян келтирген сот өкүлчүлүктөрү борборунун директору кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы өкмөттүн сот өкүлчүлүктөрү борборунун Ш.Т. аттуу директорун кармады. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматы кабарлады.

Мекеме башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жатат.

«Тергөөнүн жүрүшүндө кыргыз өкмөтүнүн сот өкүлчүлүктөрү борбору менен Финансы министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө — 12 миллион доллардан (1 миллиард сомго жакын) ашык зыян келтирилгендиги аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда иш тергелип жатат. Кылмышка тиешеси бар делген дагы башка жогорку кызматтагы адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button