Бүгүн, 29-октябрда, Бишкекте массалык түрдө улам-улам жарык өчүп жатат. Нааразычылыктар шаардын чар тарабынан түшүүдө. Калаанын көпчүлүк бөлүгүндө жол чырактар иштебей калды.
Бишкек ТЭЦинде энергетикалык жабдыктын авариялык коргонуучу системасы иштеп кеткен. Буга байланыштуу ал жактан чыккан 110 киловольттук линиянын чыңалуусу жоголуп кеткен. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, ушул эле ишкана буга чейин жарыктын өчүшүнө Бишкек ТЭЦтеги авария себеп болушу ыктымалдыгын кабарлаган эле.
Белгилей кетсек, Бишкекте саат 13.10дор чамасында массалык түрдө жарык өчө баштады. Анын айынан светофорлор иштебей жол тыгыны жаралды. Ал эми Бишкек ТЭЦтен оргуштап буу чыгып жатат.