Коом
Коронавирус. Ооруканада дарыланып жаткан 111 адамдын абалы өтө оор, 5 киши каза тапты
Өткөн суткада өлкөдө 436 кишиден коронавирус аныкталып, ошол эле маалда беш адам акка моюн сунду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Жуктургандар:
- Бишкек шаары – 112;
- Ош шаары – 32;
- Чүй облусу – 18;
- Ош облусу – 27;
- Талас облусу – 15;
- Нарын облусу – 3;
- Ысык-Көл облусу – 41;
- Жалал-Абад облусу – 108;
- Баткен облусу – 80.
Өлкө боюнча коронавирус инфекциясын жуктурган 3 441 бейтап ооруканада дарыланууда. Стационарда жаткандардын 49у канааттандырарлык, 2 325и орточо, 956сы оор абалда. Ал эми 111 киши өтө оор абалда жатат.
Каза болгондор:
- Бишкек – 3;
- Баткен облусу – 1;
- Талас облусу – 1
Пандемия башталгандан бери өлкөдө 1 155 адам коронавирусту жеңе албай, өмүр менен кош айтышкан.
Жуктургандардын саны Кыргызстанда 59 879га жетсе, анын ичинен 50 741и ооруну жеңди.