Коом
Коронавирус. Төрт бейтап каза тапты (Статистика)
Республикада өткөн суткада коронавирус инфекциясын жуктуруп алган 400 киши аныкталды, ошол эле учурда төрт киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек – 88;
- Ош – 9;
- Чүй облусу – 59;
- Ош облусу – 33;
- Талас облусу – 4;
- Нарын облусу – 7;
- Ысык-Көл облусу – 35;
- Жалал-Абад облусу – 97;
- Баткен облусу – 68.
Ал эми акыркы суткада каза болгондордун экөө Баткенде, дагы экөө Бишкекте катталды.
Марттагы пандемиядан бери көз жумгандардын саны 1 159га жетти.