Коом

Кубанычбек Жумалиев мүлкүн мыйзамсыз текшерүүгө алганы үчүн Сыймык Жапыкеевди сотко берерин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Финполдун төрагасы Сыймык Жапыкеевди сотко бере турганын билдирди.

Анын айтымында, Жапыкеев ага жана туугандарына таандык мүлктү мыйзамсыз түрдө текшертип жатат. Ошондой эле жабылган ишти кайра башынан ачтырууда.

«7-сентябрда ишти Финпол жапкан, прокуратура 14-сентябрда аны менен макул болгон. Жапыкеев келип алып өзүнүн курсташы аркылуу ишти кайра жандандырыптыр. Финпол буга чейин эл аралык аудитордук компанияга текшертип, мыйзамсыз байыганымды аныктай алган эмес. Эми Жапыкеев «кухнясында» отуруп алып элге калп айтып, анын негизинде кечээ мага тиешелүү эмес, бирок эжемдердин, башка бир туугандарымдын мүлкүн тинтишти. Бет капчан, куралчан балдар барыптыр, булар эмне террорчу же киргизбей коё турган адамдар беле. Жөн эле чакырып сүйлөшсө болмок», — деди Жумалиев.

Мындан улам ал Жапыкеев кызмат абалынан пайдаланып мыйзамсыз иштерге барып жатканын айтып, аны сотко бере турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айында Башкы прокуратуранын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 323 («Мыйзамсыз баюу») жана 324-беренеси («Кызмат адамдарынын ишкерликке мыйзамсыз түрдө аралашуусу») боюнча иш катталган. Анын алкагында Жумалиевге карата Финпол сотко чейинки өндүрүш ачып, мүлкүн териштире баштаган болчу.

Көп өтпөй бир катар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн уставдык капиталында Жумалиевдин үлүшү бар экени белгилүү болгон. Ошондой эле ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналары жана Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныткалган.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button