Өткөн суткада Кыргызстан боюнча 527 кишиден коронавирус аныкталды. Ошол эле маалда 518 бейтап оорудан айыккан. Тилекке каршы дагы беш бейтап өмүрү менен кош айтышты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек – 108;
- Ош – 51;
- Чүй облусу – 97;
- Ош облусу – 36;
- Талас облусу – 15;
- Нарын облусу – 7;
- Ысык-Көл облусу – 59;
- Жалал-Абад облусу – 105;
- Баткен облусу – 49.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандарын саны 64 887ге жетип, анын 55 824ү айыкты.
Каза болгондор:
Бишкек – 1
Чүй облусу – 1
Баткен облусу – 3
Пандемия башталгандан бери өлкөдө 1 193 адам коронавирусту жеңе албай, өмүр менен кош айтышты.