Экс-министр Каныбек Исаковдун сөөгү бүгүн жерге берилет

Бүгүн, 13-ноябрь күнү, экс-министр Каныбек Исаковдун сөөгү анын кичи мекени Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Тейит айылында жерге берилет. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдирди.

ОшМУнун башкы корпусунда маркум менен коштошуу зыйнаты өткөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, окуу жайдын эмгек жамааты катышты.

Маркумдун сөөгү жума намаздан кийин жерге берилет.

Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 51 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы 12-ноябрда кабарланган.