Коом

Коронавирус. Акыркы суткада 479 адамдан аныкталып, 4 бейтап каза тапты. 126 бейтаптын абалы оор

Өткөн суткада өлкөдө 479 кишиден коронавирус табылып, 439 бейтап ооруну жеңди. Ошол эле учурда  дагы төрт бейтап каза тапты.  Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

Бишкек – 169;

  • Ош – 26;
  • Чүй облусу – 77;
  • Ош облусу – 15;
  • Талас облусу – 23;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 59;
  • Жалал-Абад облусу – 64;
  • Баткен облусу – 45.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус аныкталган учурлардын саны 66 983кө жетип, анын ичинен 57 760 бейтап ооруну жеңген.

Илдеттен көз жумгандардын экөө Бишкекте, экөө Таластын ооруканаларында дарыланып жаткан. Ушуну менен COVID-19 пендемия башталгандан бери 1 203 кыргызстандыктын өмүрүн алды.

Бүгүнкү күндө 3 279 бейтап ооруканада жатат. Алардын ичинен:

  • 64 адам (1,9%) — канааттандырарлык абалда;
  • 2 134 (65,0%) — орточо оор абалда;
  • 955 (29,1%) — оор абалда;
  • 126 (3,8%) — өтө оор абалда.

Ошол эле учурда 4 043 киши үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button