Кыргызстандыктар мыйзамсыз алынган каражаттарды өлкө бюджетине кайтарууну колдойт

“Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши” коомдук бирикмеси жана “Таза Кыргызстан үчүн” жаштардын платформасы өз демилгелери менен телефондон социологиялык сурамжылоо жүргүзгөн. Изилдөөнүн максаты кыргызстандыктардын бийликтин уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү үчүн жасалып жаткан чараларын аныктоо болгон.  

Сурамжылоо көрсөткөндөй өлкөнүн ар бир жараны (9,9%) УКТ тарабынан криминалдык кодулоого дуушар болгон. Ошол эле учурда аялдарга (7,4%) караганда эркектер (12,6%) мындай кырдаалга көп тушугат.

Жарандардын 86,4%ы президенттин м.а. Садыр Жапаровдун уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү (УКТ) демилгесин колдойт. Ал эми кыргызстандыктардын 96,3%ы мыйзамсыз алынган каражаттарды өлкөнүн бюджетине кайтарууну максаттуу деп эсептейт.

Изилдөө 2020-жылдын 8-ноябрынан 14-ноябрына чейин өлкөнүн ар бир облусунда жана Бишкек менен Ош шаарларында жүргүзүлгөн. Жалпы респонденттердин саны 6558 кишини түздү.