ЖАМК: Садыр Жапаров 230 адамга ырайым кылып абактан бошотту

314

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жаткан учурда абакта жаткан 230 адамга ырайым кылып, эркиндикке чыгарды. Бул туурасында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлады.

Маалымат кызматынын билдиришинче, ЖАМК 1800дөн ашуун кайрылууну президентке караштуу Ырайым кылуу комиссиясына жөнөткөн.

“Натыйжада 18-ноябрда президенттин милдетин аткаруучунун ырайым кылуу жөнүндө жарлыктарына ылайык, абак жайларынан 230 адам бошотулду. Ал эми 38 соттолуучунун мөөнөтү кыскартылды. Учурда бул багытта иштер улантылууда”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Жапаров майда кылмыш кылып же адилетсиз өкүм менен камалып кеткен жана балалуу аялдарга ырайым берилерин айткан.. Ал эми уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, киши өлтүргөндөр жана бир нече ирет кайталап кылмыш кылгандар жазасын толук өтөшү керектигин белгилеген.

Ырайымдуулук жекече аныкталган адамга карата КР президенти тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Эгерде ырайым кылуу өтүнүчү четке кагылса, президент расмий чечим чыгарат.