Саясат

Президенттин м.а. Талант Мамытов Валентина менен Антонина Щевченколорду жеңиши менен куттуктады

Кыргызстандын мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов UFC версиясындагы аралаш мушташ боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону Лас-Вегаста өткөн UFC 255 турниринде титулун коргогондугу менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

“Өлкөнүн жалпы эли сиздин таймашты чыдамсыздык менен күтүп, беттешти башынан аягына чейин тынчсыздануу менен көрүштү. Сиз Кыргызстандын сыймыгысыз жана сиздин аркаңыздан өлкөнүн желеги дүйнөлүк спорт майданында дагы бир жолу бийик желбиреди. Чемпиондукка жол талбаган эмгек менен аракеттин аркасында салынат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сиздин бир тууганыңыз Антонинаны дагы ошол эле мелдештеги жеңиши менен куттуктайм. Мен сизге мындан ары дагы Кыргызстанды чет өлкөлөрдө даңазалай бересиз деп бекем ишенем, ал эми мекендештердин колдоосу жана каалоо-тилектери сизге тирек болот. Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана спорттук карьераңызда жаңы жеңиштерди каалайм”, — деди Мамытов.

22-ноябрда, АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 255 турниринде кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп калды. Промоушендин эң жеңил салмактагы титулу үчүн ал кезектеги беттешинде бразилиялык Женнифер Майя менен кез келди. Беш раундга созулган айыгышкан беттеш жүрүп, кыргызстандык мушкер толук артыкчылык көрсөттү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button