Президенттик шайлоого катышууну каалаган 65 талапкердин 48и калды

Борбордук шайлоо комиссиясынын (Боршайком) кароосунда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катышуу тууралуу арыз берген 65 жарандын 48инин документи калды. Боршайкомдун жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, беш адам арызын өзүлөрү кайтарып алышты, ал эми 12 адамдын документтерин Боршайком кайтарып берди:

“Азыр банк мекемелеринен эсеп ачып, элден кол топтоо этабы болуп жатат. Бул этап жана шайлоо күрөөсүн төгүү 3-декабрга чейин жүргүзүлөт. Калган жетишпеген документтеринин баарын 6-декабрды кошуп алганда БШКга берүү зарыл. Боршайком документтердин мыйзамга шайкеш келишин текшерүү этабын жүргүзүп, 14-декабрды кошкондо каттоо мөөнөтүн аяктап, 15-декабрдан тартып шайлоо алдындагы үгүт иштери жүргүзүлөт”.

2017-жылы алты жылдык мөөнөткө президенттикке шайланган Сооронбай Жээнбеков бийликти быйыл парламенттик шайлоодон соң жаралган башаламандыктан кийин өткөрүп берген. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.

Эскерте кетсек, 2017-жылы президенттик шайлоого катышуу ниетин 57, ал эми 2011-жылы 87 адам билдирген.