2021-жылы медиктерди колдоо үчүн 500 млн сом каралууда

2021-жылга карата пандемия менен күрөшкөн медиццина кызматкерлерине компенсация төлөө үчүн 500 млн сом каралган. Бул тууралуу финансы министрлигинин документтеринде айтылат. 

Андан сырткары, коронавирус менен күрөшүү үчүн мамлекеттик бюджеттин резервиндеги 1.9 млрд сомду бөлүштүрүү дагы пландалууда. 

Эске сала кетсек, 2020-жылы саламаттык сактоо тармагын колдоого эл аралык донорлордон 56.1 млн доллар же 4.5 млрд сом тартылган. 

Белгиленгендей, бул каражаттар мекемелерге медициналык жабдыктарды, жеке коргонуучу каражаттарды алууга жумшалат.