Коом

Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев дүйнөдөн кайтты

Кыргызстандын Гимнинин авторлорунун бири, акын Шабданбек Кулуев 78 жаш курагында көз жумду. Маркумдун жакындарынын маалыматына караганда, ал оорудан улам каза болду.

Акын Шабданбек Кулуев — эгемен Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бири. Ал гимнди кыргыз эл акыны Жалил Садыков менен биргелешип жазган. Бул үчүн ага 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы берилген.

Шабданбек Кулуев он чакты китептердин автору болгон. Өмүрүнүн көп бөлүгүн мектепте балдарга билим берүүгө арнаган. 1991-жылдан тартып, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
2011-жылы «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» ардактуу наамына ээ болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button