Улуттук банк ноябрдан бери долларды тогуз жолу сатыкка чыгарды

Кечээ, 26-ноябрда, Улуттук банк америкалык валютанын курсун турукташтыруу үчүн 5,8 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.

Ушуну менен чет элдик валюта ноябрь айында тогузунчу ирет сатылды. Интервенция биринчи жолу 12-ноябрда өткөрүлүп, башкы банк 26,8 миллион доллар саткан. 

Ушул жумада каржылык көзөмөлдөөчү орган 24-ноябрдан 26-ноябрга чейин үч күн катары менен валюта сатты.

Натыйжада айдын башынан бери 67 миллион 550 миң доллар сатылды. Соңку аракеттердин аркасы менен сатып алуу үч тыйынга жогорулады.

Эскерте кетсек, 11-ноябрда доллардын наркы 83,94 сомду (сатып алуу) жана 84,33 сомду (сатууну) түзүп, ошол жуманын аягында 84,9га (сатуу) жеткен. Азыр сатуу курсу ушул көрсөткүчтү кармап турат.

Улуттук банктын алтын-валюта запасы (эл аралык валюта запастары) сомдун курсун кармап турууга, ошондой эле валюта базарындагы өзгөрүүлөрдү турукташтырууга мүмкүндүк берет. Резервдин көлөмү дээрлик 3 миллиард сомду түзөт. Бул товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн алдыдагы алты айлык импорту үчүн жетиштүү деп саналат.