Спорт

Айсулууга добуш берели!Күрөш тарыхындагы мыкты балбан наамына талапкер болууда

Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму кыз-келиндер күрөшүнүн тарыхындагы эң мыкты балбанды аныктоо үчүн сурамжылоо өткөрүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Талапкерлердин арасында олимпиада чемпиондору, дүйнө биринчилигин уткан кыздар менен кошо кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова дагы бар.

Уюштуруучулар мелдештин сеткасын түзгөн. Күйөрмандардын онлайн-добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен көп добуш алган спортчу кийинки баскычка өтөт.

Спорт агенттиги кыргызстандыктарды өлкөнүн сыймыгы Айсулуу Тыныбекованы колдоого чакырат.

Добуш берүү UWW уюмунун Instagram баракчасында жүргүзүлүп жатат. Күйөрмандар төмөнкү шилтеме аркылуу кирип, Айсулууга добуш бере алышат.

https://www.instagram.com/p/CIRLfzlpB47/


Айсулуу Тыныбекова учурда олимпиада чемпиону, дүйнө биринчилигин бир нече жолу уткан россиялык Наталья Воробьева менен виртуалдык мелдештин чейрек финалында таймашып жатат.

Айсулуу Тыныбекова 62 клограммдагы балбандардын арасында дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button