Спорт

Кыргызстандык эки спортчу АКШдагы грэпплинг боюнча чемпионатта жеңүүчү аталды

Кыргызстандык Билимбек Алмаматов жана Тынчтык Жунусалиев АКШдагы грэпплинг боюнча American national 2020 чемпионатында жеңүүчү аталды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине спортчу Алмаматов өзү билдирди.

Анын айтымында, мелдеш 6-декабрда Техас штатынын Даллас шаарында өттү.

Билимбек Алмаматов 77 кг салмакта, Тынчтык Жунусалиев 73 кг салмакта катышып, экөө тең биринчиликти багындырышты.

Эскерте кетсек, буга чейин Билимбек Алмаматов жиу-житсу боюнча чемпионатта 2 алтын медаль тагынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button