Элдик курултай кереги жок дегендер – эл душмандары

“ Майдан k.g” гезитинин 2020- жыл 2- Декабрындагы 45- номеринде Бакай Чилтегин тарабынан жарыяланган: “Конституция кандай болушу керек?” деген макаласындагы “Элдик курултайдын кереги барбы?” аталышындагы подтемада: “Жаңы Баш мыйзамдын 7- беренесиндеги Элдик курултай жөнүндө карама-каршы көп пикирлер, сунуштар айтылууда.

Чын эле бизге Элдик курултай институту керекпи же ал алда качан эле өз миссиясын өтөп бүткөн архаикалык көрүнүшпү?”- деген автор өзү да түшүнө албаган, коомчулукту бүдөмүккө үндөө чагылдырылган. Чү дегенде эле айтып койойун Улуттук илимдер академиясында конституциялык кеңешмеде талкууланып жаткан 2010- жылдагы Баш мыйзамга дээрлик окшош ошондой эле Элдик курултай институту камтылган долбоор Элдик курултай кыймылына тиешеси жок. Кыргызстанды сызга отургузуп, элин-жерин бүт сатып жиберүүгө аз эле калган партиялардын тапшырыгын аткарган сиз айткан дүжүрлөрдүн варианты. Ошол долбоорлор ээлери президенттин милдетин аткаруучу, премьер- министр Садыр Жапаровго ошол варианттарын өздөрүнүн, Элдик курултай кыймылынын жана элдин атынан бере калышып, С. Жапаровду да алдап кетишти. Ал 7- каналдын журналисти менен болгон маегинде ошол долбоорлордун алгылыктуу жагы катары сунуш берүүчү укугуна ээ Элдик курултай институту Баш мыйзамыбызга керек деген оюн айткан. Он жылдан ашуун убактарда жети дубанда өткөзүлгөн элдик курултайларда, жыйындарда жыйырма миңден ашуун мекендештерибиздин  элегинен өтүп, толукталган Элдик курултай кыймылы тарабынан даярдалган Баш мыйзамдын долбоору С. Жапаровго, бузуку партия башчыларына, мүчөлөрүнө жете элек. Коомчулуктун демилгеси менен жети дубандан, илимий мекемелерден, чоң кичине шаарлардан, зирек студенттердин, улан- кыздардын катарынан миңдегендер келишип, И. Арабаев атындагы университетте альтернативдүү конституциялык кеңешме өтүүдө. Акыл жаштан демекчи алар да баалуу кошумчаларды сунушташты.

Бакай Чилтегин сунуштаган: “Элдик курултайлар айылдык, райондук, облустук деңгээлдерде болуп, жергиликтүү маселелерди чече берсин. Бирок мамлекеттик деңгээлде жалпы эл тарабынан шайланган парламент жетишет”- деп, бийликтин ээси- эл экендигине түшүнүгү жетпей,  шайлоочулардын он пайыздан араң ашканын сатып алышып жана биометрикалык балээ менен  добуштарын бурмалап келишкен, эл уккусу, көргүсү келбей жаткан кайрадан эле партиялык жол менен келчү парламентти колдогону чоң каталык. Элдик курултай кыймылы даярдаган Баш мыйзамдын долбоору дээрлик бүт элге жагат жана колдоо табат, анткени биз элдин ачык добуш берүү, эгемендикке ээлик укуктарын алып берген жатабыз. Арам акча менен байыган сабатсыз, жер саткан депутаттар эмес, жер-жерлерде өткөн курултайлардын делегаттарынын катарынан эленип отуруп Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынына кырк сандан ашпаган, кол тийбестигисиз, үч- төрт жардамчысы жок, жеке унаасыз, мугалимдин жана врачтын айлыгындай гана эмгек акы алган, калк кадырлаган, эл баккан Д. Садырбаевдей, К. Акназаровдой, Ж. Акималиевдей, Ж. Эшперовдой, Б. Ааматовдой, диктор С. Жээнбековдой, Б. Осмоновдой, Э. Матыевдей, Ө. Суваналиевдей, Ы. Момбековдой таза депутаттар келишет. Элдик курултайдын сунуш берүүчү эле макамы 2010- жылдагы Баш мыйзамдын 52-беренесинде эчак эле көрсөтүлгөн. Бийлик башчылары, криминал, чимкирик депутаттар, сатылма соттор элдин баалуу сунуштарын да укпагандыктан үчүнчү революция болбодубу. Ак жеринен абакта жаткан кезинде С. Жапаровдун да Элдик курултай институту сунуш берүүчү эле эмес, бүт бийлик бутактарына көзөмөл катары болуш керек деп айтканы бар. 2020- жылы 24- Октябрда эл менен болгон жолугушуусунда да ошол позицияда болгон. Өз элине душманчылык кылгысы келбеген сексен пайыздан ашуун мекендештерибиз бүт бийлик бутактарынын эл алдында, Улуттук Улуу курултайда аткарган иши тууралуу отчет берүүсүн талап кылууда. Эч ким жоопкерчилик тартпаган, саткындар: А. Акаев, К. Бакиев, Ө.Текебаев, Р. Отунбаева түзгөн система бизге жат. Отуз жыл бою президенттердин, көпчүлүк депутаттардын жана соттордун эл менен эсептешпегендиктери—демократиябы же дермократиябы? Жөөттөрдүн таңуулаган мыйзамдарына чөгөлөбөй, ата салтыбызды бийик туталы. Эми жаңылсак урпактар кечирбейт. Мыйзамдан нарк күчтүү. Бул жөнүндө коомдук конституциялык кеңешмеде Элмира Ибраимова: “Бул конституция деген эмне? Күчтүү мамлекеттердин күчсүзүнө үстөмдүк кылуучу таңууланган эреже. Англия жана башка өлкөлөр конституциясы жок эле жашап жатышат. Ал эми кыргыздардын андан да баалуу Элдик курултайы болгон. Үчүнчү революциядан кийин эл Улуу Элдик курултай өткөзүп, Садыр Жапаровду ак кийизге отургузуп эле кан шайлап коюшса эң туура болмок”,- деп эл кадырлаган атанын кызы айтты.

Ал эми тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу Баяс Турал: “Б. з. ч. 6-5- кылымдарда Персия империясынын эң биринчи падышасы Кир Туранды багынтам деп Сактардын падышасын, куулук менен уулун өлтүрөт, падыша жубайы  курултай өткөрүп кол курап душманын жеңип алганын эске салып, биздин ата- бабаларда курултай байыртадан келе жатканын баса белгиледи. Ошондой эле Баяс Турал, аксакалдар кеңешинин төрагасы Б. Жумабаев Б. Бөрүбашов жетекчилик кылып милициялар менен курчалган конституциялык кеңешменин пленардык жыйынына катышып, сегиз миң жылдык тарыхы бар Элдик курултай институтунун үч: кан шайлоо, мамлекет түзүү жана кандын аткарган ишине баа берип ордунда калтыруу же тактыдан алуу функцияларына токтолушуп, жаңы Баш мыйзамда бул үч атрибут сакталбаса чыныгы эл бийлиги орнобойт дешти. Азыркы, болочок бийлик эл көзөмөлүн жерибесе чыныгы эл бийлигин толук кандуу Элдик курултайды орнотот. Б. Бөрүбашов дагы эле кетенчиктесе кайрадан эл толкундоолору болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Тутумдаш жапон элинде бийлигинин башында даанышман, акылмандары турат. Америкада, Германияда, Кытайда президентти курултай шайлайт, отчетун угат. Чыгаан аналитик, даанышман М. Мусабаев, экс- депутат К. Шайымбетов, К. Жакыпбаев жана Р. Хамматовдун баалуу пикирлеринен улам Д. Медведев, В. Путин 2011- жылы “ Бириккен элдик фронтту”  курултай системасында түзгөндүгү белгилүү.

Дүйнөдөгү сегиз ядролук державалардын күчтүүлөрүнүн бири Иран мамлекети Америкага ачык эле сес көрсөтүп Ирактагы авиабазасын талкалап, дүйнөлүк мамлекеттердин көпчүлүгүндө башкаруу системасы туңгуюкка такалган мезгилде батыштын “демократиясын” уруп ойнобой,тарыхый улуулуктарга кайрылып, башкаруунун туу чокусуна курултай системасындагы “ духовенствону” киргизди. Мына сага, бул эмне архаикалык, конструктивсиз кадамбы?.. Караңыз, болгонундай бердим: “…Январское выступление В. Путина с переформатированием конституции под некий коллективный управляющий контур, стоящий над всеми ветвями власти – это и есть то решение, которое реализуется под уход Путина.

Нового автократа найти в сложившейся ситуации невозможно: в том и печаль любой диктатуры – на личности диктатора замыкаются все балансы, и любой другой человек неизбежно эти балансы ломает.

В обычной ситуации это плохо, но решаемо, в критической, как сегодня – слом балансов автоматически создает катастрофу. Коллективный орган управления позволяет перенести имеющиеся сегодня балансы интересов в него, и выруливать как-то уже внутри группы равных». Дүйнөдөгү чоң держава башчысы В. Путин өздөрүнө көзөмөл катары биздин курултайды орноткусу келип атса, ал боолгологон жаңылыштыкты биз башыбыздан өткөрүп,  улуу наркыбызды жерип, кайрадан эле жаңылыштыкка жол берсек анда күнөөлүүлөргө кечирим жок…

 “Алтын доор кыргыздардан башталат”, деген улуу сөздөрдүн убакыт сааты келгендир. Илгээри: “Европада бир караан- ал коммунизмдин карааны”,-деп К. Маркс айткандай, Европа эле эмес Азия же бүт материктерге тарап жаткан кыргыздардын курултай элдик башкаруу системасынын карааны эле эмес, жашоо зарылчылыктарындагы аткарылыш фактысын пейилибизди кенен  салып туура кабылдап, эгемендик үчүн жанын бергендердин арбагын сыйлап, бир келген жошообуздагы озуйпабызды татыктуу аткарбайлыбы, замандаштар!..

Кубатбек ОСМОНОВ, фотожурналист, Элдик курултай кыймылынын Ысык-        Көл облусу боюнча координатору