Балбак Түлөбаев Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тараптар Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо маселелерин талкуулады.

Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташууга жана мамилелерди тереңдетүүгө кызыктар экендигин билдиришти.

1996-2017-жылдары Бишкек шаарынын мэриясы менен Ташкент шаарынын мэриясынын ортосунда экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлган болчу.