Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогу мелдешинин алтын байгесин утту

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогу мелдешинин чемпиону болду. Финалдык беттеште ал россиялык Степан Марянянды утуп алды.

Кармашты UWW уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү.

Беттеш 4:4 эсебинде аяктап, акыркы аракетти жасаган артыкчылыгы үчүн кыргызстандык балбанга жеңиш ыйгарылды.

Жоламан 60 килограмм салмакта күч сынашкан

Кыргызстандык балбан финалга чейинки жолунда беларустук, армениялык балбандарды жеңип чыккан болчу.
Буга чейин 72 килограмм салмакта дагы бир кыргызстандык балбан Руслан Царев коло байге уткан.

Чейрек финалда Жоламан Европанын 2019-жылдагы чемпиону молдовалык Виктор Чебанды жеңген. Анда мыкты оюн көрсөтүп, 8:0 эсебинде артыкчылык кылган.

Жарым финалды кыргызстандык спортчу түркиялык Ахмет Уярды 5:1 эсебинде утуп алган.

Башкы беттеште ал россиялык Степан Марянянга жеңилүү ызасын тарттырды. Ал Европанын 2019-жылдагы чемпиону, Дүйнө кубогу менен европалык оюндарда эки ирет ийгилик жараткан болчу.

Кыргызстандык спортчу биринчи бөлүктө 4:0 эсебинде утулуп жаткан. Демилгени колго алып, акыркы жасаган натыйжалуу аракети менен төрт упай ала алды.