Спорт
Акыркы ирмемдерде жеңишти сууруп алды. Жоламандын алтын уткан видеосу
Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогу мелдешинин чемпиону болду. Финалдык беттеште ал россиялык Степан Марянянды утуп алды.
Беттеш 4:4 эсебинде аяктап, акыркы аракетти жасаган артыкчылыгы үчүн жеңиш кыргызстандык балбанга ыйгарылды.
Жоламан 60 килограмм салмакта күч сынашкан.
Кыргызстандык спортчу биринчи бөлүктө 4:0 эсебинде утулуп жаткан. Демилгени колго алып, акыркы жасаган натыйжалуу аракети менен төрт упай ала алды.
Шаршенбеков финалга чейинки жолунда беларустук, армениялык балбандарды жеңип чыккан болчу.