Кыргыздын балбан кыздары. Айпери Медет кызы Кыргызстандын капчыгына коло медаль алып келди

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы аялдар күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун коло байгесин утту. Мелдештин жүрүшүн Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайты түз көрсөттү.

Үчүнчү байгелүү орун үчүн кыргыздын балбан кызы россиялык Екатерина Букина менен кармашты. Медет кызы атаандашын 11:8 эсебинде утту.

Ал 76 килограмм салмактын чейрек финалынан тарта күрөшүп, алгачкы атаандашы болгариялык Мария Оряшкованы 5:3 эсебинде утуп алган. Жарым финалда германиялык Алине Фоккенге 4:6 эсебинде жеңилген болчу.

Германиялык спортчу финалга чыгып, кыргызстандык балбанга коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк пайда болгон.

Эскерте кетсек, бүгүн эле 68 килограмм салмакта кыргызстандык балбан кызы Мээрим Жуманазарова алтын медаль уткан. Ал эми кечээ 62 килограмм салмактагылар арасында Айсулуу Тыныбекова чемпион болгон.