Спорт

Орусиядагы эркин күрөш боюнча мелдешке Кыргызстандын кайсы балбандары катышат?

Кыргызстандык спортчулар Орусияда эркин күрөш боюнча эл аралык турнирге катышат.

Дмитрий Коркинди эскерүүгө арналган 18-турнир 20–21-ноябрда Якутск шаарында өтөт. Жалпысынан 10 алтын медаль ойнотулат.

Кыргызстандын атынан машыктыруучу Илим Абдуманап уулунун жетекчилиги астында алты спортчу чыгат.

Медалдар үчүн Иран, Моңголия, Түштүк Корея, Япония, ошондой эле Орусиянын аймактарынан келген командалар күрөшөт.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча командасынын курамы

  • Алибек Осмонов
  • Баяман Керимбеков
  • Арсен Батырбек уулу
  • Довудбек Бахадиров
  • Раатбек Рахат уулу
  • Сейтек Доктурбек уулу

Машыктыруучу — Илим Абдуманап уулу.

Тектеш кабарлар

Back to top button