ДССУ коронавирустун жаңы штаммы 41 өлкөгө жайылганын билдирди

Коронавирустун Британиядан чыккан жаңы штаммы 41 өлкөнүн аймагынан аныкталды. Бул тууралуу РИА Новости Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна таянуу менен билдирди.

Уюм мындай статистиканы 5-январга карата берген маалыматында айткан. Жаңы учурлар өтө көп санда катталган эмес. Мындан сырткары, башында Түштүк Африкадан чыккан мутация башка алты өлкөдөн да аныкталганы айтылат.

Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган. Андан мурдараак Түштүк Африканын Саламаттык сактоо министрлиги 501.V2 деген аталыштагы коронавирустун жаңы штаммы аныкталганын кабарлаган.