Садыр Жапаровду өзбек лидери Шавкат Мирзиёев куттуктады

101

Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев президенттик шайлоодо эң көп добуш алган Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин расмий сайтында айтылды.

Шавкат Мирзиёев Кыргызстанда мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун ийгиликтүү өткөнүн кубануу менен кабыл алганын айтты.
“Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мааниге ээ. Элибиздин мындан аркы ынтымагы дагы бекемдеп, буга чейинки жетишилген макулдашуулар ишке ашат деп ишенем. Анын ичинен чек ара маселеси оңунан чечилип, айыл чарба, энергетика, соода сыяктуу тармактарда кызматташтыгыбыз артарына үмүттөнөм”, — деди өзбек лидери.

Өз кезегинде Садыр Жапаров өзбекстандык кесиптешине коронавирус менен күрөшүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 10-январь күнү президенттик шайлоо жана башкаруу формасы тандалган референдум өттү.