Сыймык Жапыкеев пандемияда иштеген аткаминерлердин көбү камаларын айтты

Пандемия маалында адамдардын массалык түрдө каза болушуна себепкер болгон премьер-министрлер жана вице-премьерлер жооп берет. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев билдирди.

Анын айтымында, июль апаатында миңден ашуун адамдын өлүмүнө жооптууларды аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатат. Экс-премьер Кубатбек Боронов дагы ушул иш боюнча бүгүн суракка чакырылган.

“Учурда ар бирин ирети менен териштирип, баарын тактап жатабыз. Июлда көп киши өлдү, ушуга жооп берсин деп жатабыз. Чолпон-Атада бир үй-бүлөдөн эле төрт адам өлдү. Мурдагы өкмөт башчылар Кубатбек Боронов, Мухаммедкалый Абылгазиев, социалдык блокту караган вице-премьерлер, саламаттык сактоо министрлери, баары суракка чакырылат. Керек болсо көбү камалат. Ошол учурда каражат бөлбөй койгон экен, финансы министри да жооп берет”, — деди Жапыкеев.

Ошондой эле ал медикаменттер, жеке коргонуу каражаттары, тез жардам кымбат баада алынгандыгы териштирилип жатканын кошумчалады.