Аба-ырайы. Эртең кар жаайт

13-январда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат, кээ бир аймактарда шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2,
Ысык-Көл дубанында түнкүсун -4…-9, күндүз -2…+3,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9,
Нарын жергесинде түнкүсүн -16…-21, күндүз -8…-13,
Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +1…+6,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -8…-13° болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт.
Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 0…+2° болот.