Саясат

Садыр Жапаров: Өкүл баласымын, жардамчысымын деп менин атымды сатып баргандарды камакка алгыла

2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоодон утуп чыккан Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй кайрылуу жасады:

“Садыр Жапаровдун өкүл баласымын, жардамчысымын, кеңешчисимин” дешип, ар кайсы жерлерге барып, опузалоо менен пара талап кылып, бизнесин сурап жаткандар боюнча маалыматтар келип жатат.

Урматтуу кыргызстандыктар!
Урматтуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери!
Мейли ким болбосун, пара талап кылган болсо, мыйзамсыз иштерди кылса, бир тууганым болсо дагы дароо камакка алгыла. Мындан ары мыйзамсыз, адилетсиз иштерге жол берилбейт!” – деп айтылат кайрылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button