Мирлан Дылдаев: “Евро 5” күйүүчү майын Кыргызстанга киргизсек экономикалык-социалдык абалыбыз солгундайт

КР Экономика министрлиги жакында күйүүчү майдын 15 сомго чейин кымбаттай турганы тууралуу маалымат берген. Анын себеби, ЕАЭБдин талаптарына ылайык Кыргызстанга 2021-жылы “Евро 5” майы кирүүсү милдеттендирилгени айтылат. Бирок, бул майдын Кыргызстанга кириши күйүүчү майдын кымбатташына алып келе турганы коомчулукта ар кандай талкууну жаратууда. Бул тууралуу К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Экология жана менеджмент факультетинин деканы, география илимдеринин доктору Дылдаев Мирлан Муктаровичке кайрылып пикирин билдик:

-Биринчи жагдайга карай турган болсок, Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин Бажы биримдигинин техрегламентин кабыл алган. Ал жерде бензин боюнча, “Евро 5” стандартына өтүү сунушу 2018-жылы киргизилген. Бирок Кыргызстан 2 жылга 2021-жылга чейин киргизүү мөөнөтүн узартууну суранган.

“Евро 5” экологиялык стандарт. Бул стандартты Европа өлкөлөр кабыл алган. Негизинен айлана-чөйрөгө бүркөндү уулу заттар,газдар азыраак болсун, деп дүйнө масштабында практика жүрүп жатат.

Экинчи жагдайыбыз, Кыргызстандагы автопарктар эски, катализаторлору жок авто унаалар, көбүнүн чыккан мөөнөтү 10 жылдан ашты . Мындай жагдайдагы автоунаалар стандартка жооп береби? Бул туурасында азырынча далилдөө жокко эсе.

Үчүнчү жагдай: “Евро 5” майын рынокко киргизүү тууралуу экономикалык, социалдык абалыбызды карай турган болсок, учурдагы жагдайыбызга туура келбейт, башкача айтканда социалдык абал турукташа элек, экономикабыз солгундап турган учур.

Ушул маселеге катар өз сунушумду айта кетсем: Кыргызстанда Нефтини кайра иштеп чыгаруучу бир канча заводдор бар (НПЗ) бар. Мисалы: Токмокто, Кара-Балтада, Кеминде жана Жалал-Абадда. Эми ошол заводдордго Кыргызстандын ичинен инвестиция таап, сапатын модернизациялоо кылып “Евро 4”, “Евро 5” майын чыгарса болот эле, анда кадимки бензиндин баасы өсмөк эмес, бирок буга көп суммадагы каражат сарпталат.

Жыйынтыктап айта кете турган болсок, учурда бензин 1,2 сомго кымбаттаса эле коомчулукта көйгөй жаралып жатат, ал эми 15 сомго чейин кымбаттаса элдин абалы бир топ оорлошот.

Ал эми учурда абанын булганышы боюнча айтсак, жеке эле авто машинадан чыккан түтүн эмес, бул жерде комплекстүү караш керек.

Ага ошол эле учурда кыш айларындагы маселе жараткан, ЖЭБден чыккан түтүн,аба циркуляциянын жоктугу жана башка көп маселе жатат.

Даярдаган Нурзат Акматалиева