Коом

Новопокровкада эки инспектор келиндин төрөтүн кабыл алышты

Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын эки инспектору төрөт үйүнө жетпей калган келиндин төрөтүн кабыл алышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-январда болжол менен саат 03:00дөр чамасында Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы постто турган кичи инспектор А. Качыгуловго жана милициянын старшинасы Б. Кусеиновго Урмат аттуу киши жардам сурап кайрылган. «Ал төрөт үйүнө жетпей калгандыгын жана жубайынын толгоосу унаада башталгандыгын айткан», — деп билдиришти милициядан.

Инспекторлор аялды унаанын ичинде төрөтүп (уул), андан соң Чүй облустук ооруканасына жеткиришкен.

«Бактылуу ата-эне инспекторлорго ыраазычылык билдиришти. Ооруканадан чыккана эне-баланы инспекторлор куттуктап кайтышты», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button