Коом

Сузактык ишкер Кыргызстандын сырткы карызын төлөө үчүн 10 миллион сом которду

Сузактык ишкер Умар Мухаммедов мамлекеттик тышкы карыздан кутулуу үчүн ачылган атайын эсепке 10 миллион сом которду, деп билдирет Turmush агенттиги.

Сузак районунун тургуну, 26 жаштагы Умар Мухаммедов жеке ишкерлик менен алектенип келет. Ал быйыл районго бир бала бакча салып берүүнү көздөгөн болчу. Бирок өлкөнүн тышкы карызы жөнүндө сөз болуп жаткандыктан карызды төлөөгө көмөк көрсөтүүнү туура көргөн.

«Атам, үй-бүлөбүз менен кеңешип карызды төлөөгө өз салымыбызды кошууну туура көрдүк. Мамлекеттин келечеги жалпыбыздын келечегибиз. Мындай абалда баарыбыз колдон келишинче өкмөттү колдоп, кубаттоо керек деп ойлойм. Менден башка да колунан келгендер көмөктөшөт деп ишенем. Ашып кеткен байлыгыбыз жок. Бала бакча салуу үчүн топтогон каражатты атайын эсепке котордук. Буюрса бакчага болгон муктаждыктар да чечилет. Адегенде мамлекеттин тышкы карызынан кутулуусу керек деген ойдомун», — деди Умар Мухаммедов.

Маалым болгондой, бул ишкердин үй-бүлөсү ар ай сайын мүмкүнчүлүгү чектелген жана колдоого муктаж болгон 150 жаранга азык-түлүк таратып келет.

Эске салсак, тышкы карызды төлөөгө жардам берүүнү каалагандар үчүн Каржы министрлиги былтыркы жылдын ноябрь айында атайын эсеп ачкан. Аталган министрликтин басма сөз кызматы бул депозиттик эсепке ачылгандан бери 4 жаран акча которгонун, 1 миллион 29 миң сом түшкөнүн кабарлаган болчу.

Булак: Турмуш

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button