Саясат

БШКнын расмий жыйынтыгы жарыяланып, Садыр Жапаров президент болуп шайланды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия (БШК) мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоо укугуна 3 млн 563 миң 574 жаран ээ болгон. Жалпы 2 миң 474 шайлоо участогу түзүлгөн. Анын ичинен 2 миң 428 шайлоо тилкеси Кыргызстандын аймагында болсо, дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу ачылган.

Шайлоого катышкан 17 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 79,20 пайыз (1 105 248 добуш) добушун алган Садыр Жапаров президент болуп шайланды.

Эскерте кетсек, президенттикке 17 талапкер ат салышкан.

  1. Садыр Жапаров;
  2. Канатбек Исаев;
  3. Мыктыбек Арстанбек;
  4. Клара Сооронкулова;
  5. Имамидин Ташов;
  6. Рашид Тагаев;
  7. Абдил Сегизбаев;
  8. Адахан Мадумаров;
  9. Аймен Касенов;
  10. Улукбек Кочкоров;
  11. Жеңишбек Байгуттиев;
  12. Эльдар Абакиров;
  13. Курсан Асанов;
  14. Арстанбек Абдылдаев;
  15. Равшан Жээнбеков;
  16. Бактыбек Калмаматов;
  17. Бабыржан Төлбаев;
  18. Каныбек Иманалиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button