Коом

Коронавирус. 155 адамдан аныкталып, эки бейтап каза тапты

Кыргызстанда коронавирусту акыркы суткада 155 киши жуктурса, 136 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 42;
Ош — 6;
Чүй облусу — 63;
Ош облусу — 12;
Талас облусу — 1;
Нарын облусу — 6;
Ысык-Көл облусу — 11;
Жалал-Абад облусу — 11;
Баткен облусу — 3.
Кыргызстанда жалпы COVID-19 инфекциясынын 83 585 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

Бишкек — 56;
Ош шаары — 0;
Чүй облусу — 37;
Ош облусу — 9;
Талас облусу — 2;
Нарын облусу — 7;
Ысык-Көл облусу — 13;
Жалал-Абад облусу — 7;
Баткен облусу — 5.
Жалпы айыккандардын саны 79 509 болду.

Бир сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен Бишкекте жана Чүйдө эки бейтап каза тапты. Ушуну менен илдеттен көз жумгандардын саны 1 394кө жетти.

Учурда стационарда 708 бейтап дарылнууда. Ал эми амбулатордук дарыланууда 1 044 киши бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button