Улгайган кишилердин эти качканынан сактоонун эң жөнөкөй жолу

Адамдын жашы улгайган сайын андан эт кача баштайт. Башкача айтканда скелеттик булчуң эттери кичирейип кетет. Окумуштуулар улгайган адамдардын этин качырбай кантип сактап калуунун жолун табышты. Иликтөөнүн тыянагына өздөрү да таң калып жатышат, деп билдирди “Популярная механика” порталы.

Жаш өткөн сайын, адатта, скелеттик булчуңдардын массасы кичирейе баштайт. 50 жаштан өткөн ар бир адамда жыл сайын 1%тен булчуңу жоголот, деп эсептешет окумуштуулар. Бул процесс саркопенияга — скелеттик булчуңдардын кээ бир функцияларынын жоголушуна алып келет. Саркопения адамды алсыздыкка кириптер кылып, жашоосунун сапатын төмөндөтөт. Окумуштуулар булчуңдун массасынын азайышын шарттай турган жөнөкөй жолдорду издешип, натыйжада төмөнкү тыянакты алышты.

Адамдын скелеттик булчуң эттерин буза турган эркин радикалдар болуп саналышат. Ошол эркин радикалдардан сактай турган С витамини экени баштатан эле белгилүү болчу. Бирок бул метод калктын улгайган бөлүгү үчүн канчалык эффективдүү экени масштабдуу иликтөөлөр менен бышыктала элек эле. Эми Чыгыш Англия университетинин окумуштуулар командасы күндөлүк тамактануу рационунда ачытылган капуста менен цитрус жемиштери бар пенсионерлер менен С витаминине маани бербеген улгайган кишилердин булчуң массаларынын айырмасы кандай экенин таап чыгышты.

С витмаминин молекуласы.

Journal of Nutrition журналына жарыяланган иликтөөгө 42 жаштан 82 жашка чейинки 13 миң киши катышкан.Тамак-ашында же канында С витамини көп орун алган кишилердин скелеттик булчуңдары калыбынан анча азайбаганын көрүшкөн.

Бул тыянак өтө маанилүү болуп саналат. Анткени, витамин С табиятта көп кездеше  турган зат. Аны менен организимди канаатандырыш үчүн күнүнө эки эле апельсин же дагы башка мөмө-жемиш жеп койсо болот. Тилекке каршы, окумуштуулардын иликтөөлөрүндө эркектердин 60%ти жана аялзатынын 50%ке жакыны С витаминин өтө аз санда пайдаланышаары белгилүү болгон.