ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды. Бул тууралуу анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.

Ал октябрдагы башаламандыкта Ички иштер министрлигин басып алууга шектелип жатканы айтылды.

“Бул иш боюнча ИИМге суракка чакырылып, андан соң тергөөчүнүн чечими менен кармалган. Тергөөчү менин катышуумсуз сурак кылды”, — деди адвокат.

Асановдун кармалганын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы да тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, ага Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгү (“Имараттарды жана курулмаларды басып алуу”) менен айып тагылып, Бишкек шаардык ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.