Эмдөө жүргүзүү үчүн “Спутник V” вакцинасынын өндүрүүчүлөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Эмдөө жүргүзүү үчүн “Спутник V” вакцинасынын өндүрүүчүлөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине “Ковакс” механизминин портфелине кирген AstraZeneca вакцинасынын 504 миң дозасы келиши жөнүндө кат жолдогон. Марттын башында вакцинанын 40%га жакыны өлкөгө келет.

“Алгачкы эмдөө Бишкек, Чүй, Ош шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлөт жана ага эмдөө бригадасы тартылат”, – дейт ал.

Акматова Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы эмдөө жүргүзүүнүн улуттук планын иштеп чыкканын айтат.

“SARS-CoV-2 коронавирустук инфекциясынын алдын алуу боюнча вакциналар Кыргызстандын аймагына каттоосуз алып келүүгө жана колдонууга уруксат берилген дары-дармектердин атайын тизмесине киргизилди. Каттоодон өткөрүү үчүн “Спутник V” вакцинасын өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Кыргызстанда эмдөөнү 3 этапта жүргүзүү пландалууда. 1-этапта “кызыл зонада”, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жана топторунда иштеген медиктер, өлүмгө алып келген тобокел топторуна киргендер, вакцинаторлор, билим берүү мекемелердин мугалимдери, укук коргоо органдары, тейлөө, соода тармагында иштегендер жана башкаларга эмдөө жүргүзүлөт. 2-этапта 60 жаштан жогору, өнөкөт оору менен ооругандар, калктын аярлуу катмары кирген. 3-этапта калктын арасында улантылып, мамлекеттин жана донордук уюмдардын эсебинен улантылат”, – деди Акматова.