Спорт

Кыргызстандын жөө күлүктөрү Түркия менен Украинанын чемпионаттарына катышат

Жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Мусулман Жоломанов менен Алмаз Эсенжанов Түркиянын жана Украинанын ачык чемпионаттарына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Биринчи мелдеш 5-6-февралда Стамбул шаарында, экинчиси 9-12-февраль күндөрү Сумы шаарында өтөт.

Спортчулар башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаевдин жетекчилиги алдында турнирге жөнөтүлдү.

Бул иш сапар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календардык планына киргизилгени белгиленди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button