Без рубрики

Ташиев депутат Жумалиевди УКМК кармаганда эмне дегенин айтып берди

Экс-премьер, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин аянты 33 гектар болгон заводу бар. Бул туурасында УКМКнын жетекчиси чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары менен жолугуп жатканда билдирди.

Анын айтымына караганда, бир адам эле 10-15 завод-фабрикаларды басып алган учурлар бар.

«Ачык айтып коеюн, Кубанычбек Жумалиев деген депутатты кармадык эле, «бизнес кылып тапкам» дейт. Кантип ал бизнес кылып табат? Бишкектеги ЭВМ заводу 33 гектар жерде турат экен, аны кантип сатып алат? Ошонун ичинде эле 37би же 38би, ири имарат бар экен. Ал сатып алган жок, ал — элдин ырыскысы», — деди Ташиев.

УКМК жетекчиси учурунда объектилер туура эмес менчиктештирилгенин белгиледи.

«Бизнес кылып кантип сатып алган? Ошонун баарына мамлекеттеги туура-туура эмес менчиктештирүүнүн эсебинен ээ болду. Азыр жыргап жашап жатат. Андан ары бала-чакасы, кийин неберелери жыргап жашайт. Ал эми баягы эч нерсе албай калган адамдар ошол бойдон калып кете берет. Ошондуктан, туугандар, социалдык теңдештирүүнү киргизиш керек. Ошондуктан коррупционерлерди талкалап жок кылуу керек», — деди Ташиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button