Анжелика сүйүүсүн жана жашоосун кимге арнаарын жазды

Азыркы жашоосу жана жан дүйнөсү менен бөлүшкөн ырчы Анжелика Кайратова инстаграмм баракчасына жазды. Ал ооруканага кайра жатат окшойм, кайрадан уйкусуз сааттар уланууда деген.

“Жашоо сен же мен каалагандай ар дайым боло бербейт. Майрамды жакшы көргөн жаным, үйдө азыр дагы күндө майрамдык атмосфераны кармаганга аракет кылам. Анын үстүнө менин жакындарым эмнелерди жактырам (жакшы көргөн таттуу, кийим, буюмдарды) билишет. Үйдөн чыга албай турган мезглимде, көңүл бөлүп байма-бай жөнөтүп жатышат. Кээ бирлери шаарда бутум болуп чуркап, иштеримди дагы бүтүрүп жатышат. Аллах берген инсандар менен сый мамиледе болуп, кыздарым менен ата-эне, бир туугандарыма гана сүйүмдү, жашоомду арнайын деп чечтим. Мен кайра ооруканага жатат окшойм. Башкы оорумдун даарылануусу токтоп, кайрадан уйкусуз сааттар уланууда:((. Сторис менен постторду азыр мага чыгарыш өтө кыйын болуп жатса дагы, бул менин өзүмдү алаксытып, эрмектеп, эл менен болгон баарлашуум. Колдоп, дем- күч дагы дагы бересиздер деген үмүттөмүн”,-деп жазат ырчы.

Эске салсак, Анжелика 23-январда жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен өзү жана кыздары жаракат алганы маалымдалган.