Коом

Коронавирус. Жуктургандар азайып, адам өлүмү катталган жок

Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 47 киши коронавирус инфекциясын жеңди, ал эми ооруну 44 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

Бишкек — 23;
Чүй облусу — 16;
Талас облусу —;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу — 6;
Баткен облусу — 1.
Жалпысынан коронавирустан 82 803 адам сакайды.

Өткөн сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 25;
Ош — 3;
Чүй облусу — 9;
Талас облусу — 2;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу — 2;
Жалал-Абад облусу — 2;
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны 85 929 болду.

Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Оорудан көз жумгандардын саны жалпысынан 1458 болду.

Учурда стационарда 409 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 10 адамдын абалы канааттандырарлык, 275и орточо, 101и оор, 23ү өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда 322 бейтап бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button