Коом

Күйүүчү майдын баасы жогорулады

Ири май куюучу жайлар боюнча сайттардын берген маалыматына ылайык, Бишкекте 22-февраль күнү, саат 10:40 карата АИ — 92 маркасында күйүүчү майдын баасы орточо эсеп менен 2, 07% жогорулады.

АИ-92 күйүүчү майдын борбордогу орточо баасы 39, 5 сомду түзүүдө. Дизелдин орточо баасы май куюучу жайларда — 39, 2 сомго, суюлтулган газ — 24, 65 сомго бааланууда.

АИ-92 күйүүчү майга болгон баанын төмөнкү баасы – 39, 5 сомду, АИ-95 — 40, 8 сомду түзүп жатат. АИ-98 маркасындагы күйүүчү майды эки май куюучу жай:«Газпром нефть» 46, 5 сом менен жана Bishkek Petroleum 49,9 сом менен сунуштоодо.

Дизелдик отундун минималдуу баасы Бишкектеги май куюучу жайларда – 38, 9 сом менен сатылып жатат. Суюлтулган газды үч тармак сатып жатат:

  • «Партнер Нефть» — сом менен;
  • Bishkek Petroleum — 23,9 сом (Бишкектеги жана Чүй облусундагы үч май куюучу жай);
  • «Газпром нефть» — 25, 4 сом менен (Бишкектеги үч май куюучу жай).

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button