Коом
Коронавирус. 72 адамдан аныкталып, 2 бейтап каза тапты
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 72 адамдан табылып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:
Бишкекте – 17,
Чүй облусунда – 47,
Ош облусунда — 1,
Нарын облусунда – 1,
Ысык-Көл облусунда — 3,
Жалал-Абад облусунда — 1,
Баткен облусунда — 2.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте — 2 адам каза болгон.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 383 бейтап, амбулатордук түрдө 341 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 1 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 879 киши айыгып чыкса, 1 миң 460 адам каза болду.