Адам бир күндө жашылча менен жемишти канча көлөмдө жеш керек

937

Ден соолукта болом дегендер күн сайын эки порция жемиш жана үч порция жашылча жеши керек. Бул тууралуу РИА Новости америкалык диетологдорго таянуу менен жазды.

АКШ адистери жүрөк-кан тамыр оорулары жана ракты алдын алуу максатында туура тамактануунун сунуштарын иштеп чыккан.

Авторлор жүз миңден ашуун киши катышкан 1984-жылы жана 2014-жылы жүргүзүлгөн эки изилдөөнү анализдеп көрүшкөн. Анда ар үч-төрт жыл сайын катышуучулардын тамактануусу тууралуу маалымат чогултуп турушкан.

“Бардык изилдөөнүн жыйынтыгы жашылча менен мөмө-жемиштерди көп жеген адамдар өнөкөт ооруларга, анын ичинде жүрөк-кан тамыр оорулары менен ракка аз чалдыгарын көрсөткөн. Бул оорулар өлүмдү эрте чакырары белгилүү. Адамга бул азыктардын беш порциясы гана жетет, ушул ченем көбүрөөк пайдалуу. Андан ашырып кереги жок”, — деген окумуштуулар.

Ошол эле учурда адистер бардык эле жашылча менен жемиштердин пайдасы жок экенин айткан. Маселен, крахмалы көп картошка, буурчак жана кукуруза, ошондой эле мөмөдөн даярдалган ширелер өнөкөт оорулар менен өлүм тобокелдигин азайта албайт.

Жашыл жалбырактуу жашылчалар, анын ичинде шпинат, капуста, мындан сырткары, бета-каротин менен С витаминине бай сабиз, цитрус өсүмдүктөрү, мөмөлөр ден соолукка пайдалуу болуп саналат.