Коом

Бейшембиге карата аба-ырайы

Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9…+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10…+15, Ысык-Көлдө +3…+8, ал эми Нарын аймагында -1…+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.

Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12…+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13…+15 градус жылуу болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button