ВИДЕО: КР ИИМдин ЖКККББы Ак калпак күнү менен куттуктайт

Урматтуу Кыргызстандыктар! Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы сиздерде Ак калпак күнү менен куттуктайт!

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Ак калпак күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, тынчтык, бакубат жашоо жана өлкөбүздүн өнүгүшүн каалайт.

Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйык баш кийими, кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Кыргыз эли байыртадан бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн символу жана ыйык белгиси катары башынан түшүрбөй кийип келет.

КР ИИМдин ЖКККББ