Назира Айтбекова: Биздин мырзалар айымдарга мамиле кылганы билбейт экен!

Белгилүү  телеалыпбаруучу, блогер Назира Айтбекова майрамды утурлай мырзалардын айымдарга болгон мамилесин   фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Мен эмнени байкадым билесиңерби? Биздин мырзалар айымдарга мамиле кылганды билбейт экен! А айымдар мамиле күткөндү билбейт экен! Комплимент айтуу, жибитүү, кыздын артынан чуркоо , кечирим суроону тим эле коеюн ээ ? Бул нерселерди кылса “ подкаблучник “ аталып калам, же бул нерселер мени алсыз көргөзүп коет деп коркушат .

Эркек баланы ыйлаганга, алсыз болгонго тыюу сала берип, “Эркексиң да !” дей берип , сезимге сараң чоңойтуп алат экенбиз! Анан эркектер болгон сезимин ичине катып чоңоюшат экен! Аялды сүйүп , ичинде чок кайнап, бышып атса дагы намысын бийик коюп алып, өмүр бою ошо кур намысты аттап өтө албай, бактысыз болгонго моюн байлап өтөт экен! А кыздарыбызчы? Биз эмнеге өзүбүздү сүйбөйбүз, барктабайбыз? Анткени бизди басынтып, тыйып чоңойткон! “Сен ханышасың! Сен мыктысың! Сен мыктысына татыктуусуң !” деген эч ким жок болгон! Кадырлап – барктабаган, өмүр бою басынтып жашаган бирөөгө тийип, ошонун таягын жеп жашайбыз!

Болбосо, бирөөнүн экинчи аялы, жашыруун аялы болобуз! Анткени өзүбүздү ошондой эркекке ыраа көрөбүз! Өзүбүздүн ордубуз ошол жак деп билебиз! Атабыздан албаган сүйүүнү, мээримди иши кылып бирөөдөн чыпкалаганга аракет кылабыз! Кыздар, биз өзүбүздү бийик коюп, сүйүүнү, жакшы мамилени талап кылмайын эч ким бизге аны бербейт! “Жүрү” дегендин баары менен кете бербей, сага жетиштин жолун узун, чиелүү, татаал кылсак , мисалы? Аракет кылсын , эмгектенсин да сага жетиш үчүн! Оңой тамак болуп, алдына түшүп бере турган болсок, эч ким бизди барктабайт! А мырзалар, силерге көк беттик, өжөрдүк мүнөз жарашат! Айымдарга сезим билдиргенден, айып этсеңер, кечирим сурагандан коркпогула! Муну биз алсыздык деп билбейбиз! Анткен сайын эт жүрөгүбүз элжирейт! Денебиз бошойт. Эйфорияга кабылабыз! Биз – аялдар , романтиканы, жылуу сөздү ушундай жакшы көрөбүз!

Өткөндө бир белгилүү айымдан “ Эмнеге кыргызга баш кошкон жоксуз? Эмнеге чет өлкөлүк жигитке чыктыңыз?” дедим. Ал “ Кыргыз мырзалар мага даай албай койду. Эгерде бир аз көктүккө салып, артыман чуркап, сезимин билдиргенде, жибимектирмин” деди. Бул мени катуу ойлондурду! Айтор, эркек – аял мамилесинде калыптанып, эрежеге сыйып, көрүнбөгөн мыйзам болуп калган нерселер бар экен! Ошол калыптан чыга албай, бактылуу боло албай, же бактылуу кыла албай эле убара боло берет экенбиз! Кээде мааниси жок , жиндидей эрежеге , кур намыска бекинип алып эле бактыбызды , сүйүүбүздү учуруп алабыз, өкүнүчтүүсү!