Спорт

«Хабиб Нурмагомедов биротоло пенсияга чыкты»: «UFC’нин» башчысы

Россиялык мушкер, «UFC’нин» жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов расмий түрдө карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу «UFC» мушташ уюмунун башчысы Дэйна Уайт билдирди.

«Ал 100 пайыз пенсияга чыкты. Баары үчүн рахмат досум», — деп жазган Уайт Твиттердеги баракчасында.

32 жаштагы Хабиб Нурмагомедов карьерасында жалпы 29 беттеш өткөрүп, бир дагы жолу жеңилүү ызасын тарткан эмес.

Нурмагомедов «UFC» мушташ уюмунда 2012-жылдан бери 16 беттеш өткөргөн.

Россиялык спортчу былтыр октябрь айында америкалык Жастин Гейджи менен мушташып, жеңишке жетишкенден кийин карьерасын жыйынтыктаганын жарыялаган.

Андан кийин Дэйна Уайт бир канча жолу Хабиб Нурмагомедов менен сүйлөшүп, «UFC’ге» кайтып келүү боюнча бир канча варианттарды талкуулашкан. Уайт Нурмагомедовго ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен дагы бир беттеш өткөрүүнү сунуштаган.

Бирок Макгрегор америкалык спортчу Дастин Порье менен болгон беттеште жеңилип калган. Ошондой кийин Нурмагомедов «UFC’ге» кайтып келбей турганын кыйыткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button