Пайдалуу кеңештер

Адам кайсы тамактан көп ууланат. Адистин пикири

Кайсы тамактар ууланууга алып келиши мүмкүн жана анын кесепеттери менен кантип күрөшсө болорун Sputnik радиосуна медицина илимдеринин кандидаты, дарыгер-гастроэнтеролог Марат Зиннатуллин айтып берген.

Дарыгер сапатсыз же бузулуп кеткен тамак менен суусундуктун бардыгы эле уулантарын билдирген. Бирок сүт азыктарынын сактоо мөөнөтү өтө кыска болгондуктан андан зыян тарткан учурлар көбүрөөк кездешет.

«Эгерде алар туура эмес сакталса, тиешелүү температуралык режими кармалбаса бактериялык флоранын өнүгүшүнө жакшы шарт түзүлөт. Тамак-аштын ичинен быштак, каймак жана башка сүт азыктары ууланууга алып келиши мүмкүн», — деген Зиннатуллин.

Гастроэнтерологдун айтымында, эгерде адам жалгыз ууланса, ал бузулган азыкты көп өлчөмдө жеп алган болот. Ал эми көпчүлүк ооруса, азыкта тамак-аш инфекциясы бар экенинен кабар берет.

Мындан тышкары, адам көбүнчө спирт ичимдиктеринен да ууланат. Бул анын сапатынан жана көлөмүнөн көз каранды.

«Кээде жакшы деп саналган алкоголдук ичимдиктер да зыянын тийгизет. Анда адамдын жүрөгү айланып, кусуп, ичи өтүп, эс-учун жоготуп, кээде каза болуп да калат», — деген адис.

Дарыгер ууланууда активдештирилген көмүр сыяктуу препараттарды ичүү керектигин белгиледи. Ошондой эле ичтин өткөнү менен кусууну токтотпой эле коюуну, себеби мындай жол менен организм тазаланарын айткан. Мындан тышкары, суюуктукту, анын ичинде минералдык сууну көп ичүүнү сунуштаган. Кандай болгон учурда да дарыгерге кайрылууну эскерткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button